Отчеттор

ОшМУ НТИИ

Илимий-техникалык кеңештин жыйыны өттү

2026-жылдын 25-мартында ОшМУнун башкы корпусунун 331-аудиториясында Нанотехнология жана жасалма интеллект илимий изилдөө институтунун Илимий-техникалык кеңешинин жыйыны болуп өттү. Жыйында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, ф.-м.и.д., профессор Гулбадан Матиева «Евклиддик мейкиндикти берилген бөлүштүрүү тарабынан жаратылган бөлүктөп чагылтуунун жана фракталдардын геометриясы» аталышындагы илимий долбоору боюнча баяндама жасады. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Жогорку билим берүүнүн сапаты жана инновациялар» (ЖБСИ) долбоорунун алкагында Академиялык инновациялык фондунун (АИФ) конкурсуна сунуштала турган, жасалма интеллект системаларын колдонуу менен биоресурстардан активдештирилген көмүр жана графен алуу боюнча долбоор каралды. Долбоор тууралуу маалыматты долбоордун жетекчиси, профессор Ташполов Исламидин берди. Жыйындын жүрүшүндө күн тартибиндеги маселелер талкууланып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.



Краткий отчет о Научно-исследовательский институте «Нанотехнологий и искусственного интеллекта имени Н.Исанова» Ошсого государственного университета https://drive.google.com/file/d/1XgCaTNF_lfK0ip-BCRpn4ZEpG75MKv12/view?usp=sharing

Отчет за 2025

Проект Базальт 2025-ж.жылдык отчет